12:07
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Салык кызматы июндагы акциянын жеңүүчүлөрүнө белектерин тапшырды

Мамлекеттик салык кызматынын чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү, акциянын жеңүүчүлөрү жана уюштуруучулары катышты.

Буга чейин көз карандысыз комиссия акциянын июнь айындагы этабынын катышуучуларынын арасынан 5 жеңүүчүнү аныктаган. Айзирек Асанова (@ayzi1997) баш байге iPhone 14түн ээси болду. Смартфондорду Динаркуль Сатарова (@satarova_din), Фаина Кубатбекова (@janymgo2024), Элимбек Корпобаев (@elimbekkorpobaev) жана Акылай Эркимбаева (@akush_blb) утуп алды.

Эскерте кетсек, ай сайын өтүүчү акцияга катышуу үчүн катышуучулар өздөрүнүн Facebook же Instagram баракчаларына контролдук-кассалык чектердин жарандардын жашоосундагы мааниси тууралуу пост жайгаштыруусу керек.

Акцияга катышуунун шарттары тууралуу толук маалымат Салык кызматынын Facebook жана Instagram расмий баракчаларында жеткиликтүү.

Акцияга катышып, iPhone 14тү же смартфондорду утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Эң көп окулган жаңылыктар