«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштандыларды уруксатсыз көмүү менен күрөшүү чараларын күчөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, стихиялуу таштанды таштоочу жайларга видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери башталды. «Тазалык» муниципалдык ишканасы таштандыларды белгисиз жерлерге ыргыткан же курулуш, тигүү жана башка таштандыларды таштаган жарандарды аныктайт.
Келип түшкөн видеоматериалдар муниципалдык инспекцияга өткөрүлүп, видео далилдердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренесине ылайык айып пул салынат.
Муниципалитет жарандарды белгиленген эрежелерди сактоого жана шаарыбыздын тазалыгына жана тартибине жоопкерчиликтүү болууга чакырат.