Абсаттар Сыргабаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен Абсаттар Сыргабаев Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына дайындоо үчүн Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилди.
Ал эми транспорт министри Тилек Текебаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.
Тилек Текебаев 2022-жылдын октябрынан бери министр болуп иштеп келген.