12:06
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды

Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды. Учурда ыкчам топтор иштеп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 10-июлда Баткен районунун тоолуу аймактарында жааган нөшөрлүү жаандан улам Айгүл-Таш — Согмент унаа жолунун 3-9-чакырым аралыгына, Баткен-Боз-Адыр унаа жолуна (чакырымы такталууда) сел суулары келип, убактылуу жол жабылган.

«Учурда жеринде ыкчам топ, ошондой эле № 2 Жол тейлөө ишканасынан грейдер, жүктөгүч техникасы иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Лейлек районунун Катраң, Лейлек айыл аймактарында жааган жаандан Катраң-Өзгөрүш унаа (чакырым такталууда) жолуна сел суулары келип, убактылуу жол каттам токтогон. Ошондой эле Ак-Терек айылындагы сел өткөрүүчү сай аркылуу суу Раззаков — Баткен унаа жолуна (чакырымы такталууда) түшкөн. Ушу тапта жол каттам бар. Аталган аймактарда да ыкчам топ жумуш алып барууда.

Эң көп окулган жаңылыктар