Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана Беларусь премьер-министри Михаил Головченко менен бирге ушул күндөрү Екатеринбург шаарында өтүп жаткан «Иннопром-2024» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн павильондору менен таанышты.Бул тууралуу Министрлер кабинетинен басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында өкмөт башчылары өнөр жай, робототехника, санариптик технологиялар, машина куруу жана башка тармактарда инновациялык чечимдерди сунуштаган алдыңкы эл аралык жана россиялык компаниялардын экспозициялары менен таанышты.
Өкмөт башчыларынын көңүлү Кыргызстандын павильонуна да бурулуп, анда инвестициялык долбоорлор жана ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары көрсөтүлдү.
Акылбек Жапаров өнөр жай тармагында тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо аянтчасы катары «Иннопром-2024» көргөзмөсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал белгилегендей, Кыргызстан инвестицияларды тартуу жана ата мекендик өнөр жайга заманбап технологияларды киргизүү үчүн «Иннопром-2024» катышуусун кеңейтүүгө жана анын потенциалын пайдаланууга даяр.