17:36
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

V Көчмөндөр оюнуна Кыргызстандын атынан 268 спортчу катышат

Сентябрь айында Казакстанда өтө турган V Көчмөндөр оюнуна Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциядан болжол менен 268 катышуучу аттанат. Бул тууралуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун милдетин аткаруучу Жеңишбек Нурчоро уулу маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алардын арасында көк бөрүчүлөр, чабандестер, салбуурунчулар, белбоо, таяк тартыш боюнча спортчулар жана машыктыруучулар, атайын өкүлдөр бар. Жалпысынан оюндарда спорттун 20 түрү боюнча мелдештер өтөт.

«Учурда оюндарга биздин өлкөнүн командалары толугу менен даяр. Көк бөрүгө жана көкпарга өз өзүнчө эки команда барат», — деди ал.

Эске сала кетсек, 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. 100дөн ашык өлкөдөн жана 4 миңге жакын катышуучу катышаары күтүлүүдө. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк оюндар Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар