17:21
USD 87.45
EUR 94.54
RUB 0.98

Жылдыз Орозобекова ээлеген кызматынан бошотулду

Жылдыз Орозобекова Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Орозобекованын ордуна Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Сейдалиев Канатбек Шакирович КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар