11:26
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бишкектеги соода борборунда акциздик маркасы жок 16 миң даана тамеки кармалды

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн акциздик маркасы жок 141 миң 159 куту тамеки алынды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Чүй районунун Васильевка айылында 125 миң таңгак, Бишкектеги «Берекет универсал» соода борборунан 16 миң 159 таңгак алынган.

Ишкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Мекеме акциздик маркасы жок 1 миң даанага чейин тамеки сатуу үчүн 65 миң сом айып пул каралганын эскертти. 1 миңден ашык саткандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар