Мелис Тургунбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Ал бул кызматта 2023-жылдын март айынан бери иштейт.