Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам 24-июнь күнү сел жүргөн. Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1 миңге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Тилекке каршы Жеңиш айылынын тургуну 5 жаштагы Саидазим Илхамовдун сөөгү саат 23:45 чамасында табылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Аны менен катар аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну ден соолугунан жабыркап, ооруканага жаткырылды, учурда абалы орто.
Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш-аракеттер уланууда.
Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.

