Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, ӨКМге Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:04төн тарта 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган. Кошумча маалымат берилет.

