Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Амантур Исмаилов менен Раззак Бейшекеев Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирдин финалына чыгып, алтын үчүн бири-бири менен күрөшмөк.
Ошентип, финалдык беттеште кыргыз балбандары күрөшпөстөн, Раззак Бейшекеев кичүү болгондугуна байланыштуу улууга урмат көрсөтүп Амантур Исмаиловго жеңишти берди. Ошентип Исмаилов алтын, Бейшекеев күмүш медалдын ээси болду.
Мелдештер 19-июнда башталып, 24-июнга чейин Польшанын Варшава шаарында уланып жатат.