04:08
USD 87.45
EUR 99.28
RUB 1.06

Үч миңден ашык кызматкер кыскартылабы?

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 3 миң 928 муниципалдык кызматкер кыскартыларын билдирди.

Анын айтымында, учурда республиканын аймактык органдарында 8 миң 696 муниципалдык кызматкер эмгектенет.

«Айыл аймактарды бириктирүү менен кыскартылгандан кийин 4 миң 768 гана кызматкер калат. Республикалык бюджеттин үнөмдөлүшү жылына 1 млн 796 миң сомду түзөт», — деди аткаминер.

Кошумчалай кетсек, учурда республикада 452 айыл аймагы бар. Административдик-аймактык реформадан кийин алардын 235и гана калат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG