08:02
USD 86.50
EUR 90.34
RUB 0.85

Июнь окуясы: Ошто курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 10-июнда Ош жергесинде 2010-жылдагы июнь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттнин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү курман болгондордун элесине таазим кылышты.

«Биз кылымдар бою ынтымакта, бир туугандыкта жашаган көп улуттуу элбиз. Ата-бабаларыбыз ынтымакты туу тутуп, байыркы Ош шаарынын даңктуу тарыхын жараткан. Ар бирибиз тынчтыкты жана ынтымакты сактоого милдеттүүбүз», — деди Арстанкулов.

Эскерүү «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коюу менен башталып, каза болгондорго багышталып куран окулду.

Эң көп окулган жаңылыктар