Эртең, 7-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 29...34;
Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 26...31
Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 29...34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16, күндүз 31...33° ысык болот.