Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата иш-чараларга катышты. Бул тууралуу «Регион» телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырып, жаңы аскер бөлүгүн көрүп чыкты жана 7 аскер бөлүгүнө күжүрмөн туу тапшырды.