USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Кыргызстан менен Кытай жаңы өткөрүү пунктун ачуу үчүн талаа иштерин баштады

09:25, 16 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Кытай биргелешип жаңы «Бедел» өткөрүү пунктун ачуу үчүн талаа иштерин баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жеринде мекемелер аралык кеңешме өткөрүп, анда Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышына байланыштуу маселелерди талкуулады.

«Жумушчу топ көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдын ала жайгашкан жерлерин, ошондой эле чек ара жана бажы көзөмөлүнүн объектилерин карап чыкты. Мындан тышкары, Барскоон-Учтурфан-Аксуу автожолунун курулушунун маршруту жана бул объектилердин толук кандуу иштеши үчүн тийиштүү инфраструктураны куруу маселелери талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жаңы «Бедел» өткөрмө пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика