USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Тамчы айылында тез жардам пункту ачылды

17:24, 15 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Тамчы айылында тез жардам пункту ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тез жардам пунктунун курулушу толугу менен «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 38,5 миллион сомду түздү.

«Эки кабаттуу имаратта жалпы аянты 476 метр квадрат болгон күндүзгү стационар, операция, реанимация, дарылоо, стерилизация бөлмөлөрү жана башкалар бар. Көчмө рентген аппараты, УЗИ жана башка керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган. Ошондой эле кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулган», — деп билдирди мекеме.

Мындан тышкары, Ысык-Көл районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна (Тамчы айылы) тез жардам унаасы берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика