18:51
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунан конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.



Сапардын алкагында жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган. Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Эң көп окулган жаңылыктар