09:02
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Энергетика министрлигине атайын техникалар тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

33 даана атайын техниканын 28и бригадалык унаа, 3сү жеңил унаа жана 2сү экскаватор. Бул техникалар үчүн 86 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.

«Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоор башталды. Чакан ГЭСтер салынып жатат. Жакында мамлекет өзү каржылаган Бала-Саруу ГЭСи ишке кирет. Мындан тышкары күн, шамал станциялары салына баштады. Ошондой эле Кыргызстандын энергетикалык потенциалы тууралуу, ири эл аралык каржы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө алар кызыкдар экендиктерин айтканын кошумчалап кетейин. Анын арты менен алдыда чоң иштер аткарылат», — деди Акылбек Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар