Бурабай протоколунун ченемдерине ылайык Казакстанда бажылык тариздөөдөн өткөн жүк ташуучу унааларды Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинде мыйзамсыз баштапкы каттоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, Казакстан үчүнчү өлкөлөрдөн жети жыл мурда чыгарылган жүк ташуучу унааларды импорттоодо ДСУнун бажы алымдарынан нарктын 10 пайыз өлчөмүндө төмөндөтүлгөн бааны колдонот, ал эми ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифине ылайык импорттук бажы алымынын суммасы 1 куб сантиметр үчүн 1 еврону түзөт.
«Мындай жагдайдан пайдаланып, жеке адамдар агенттиктин кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, биримдиктин товары болбогон жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын каттоо жана алгачкы каттоого алуу боюнча мыйзамсыз коррупциялык схеманы уюштурушкан», — деп айтылат маалыматта.
УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага каршы башкы башкармалыгы тарабынан чыгарылганына жети жылдан ашкан 3 миңден ашуун жүк ташуучу унаа катталгандыгы аныкталды. Бир жүк ташуучу унаадан бажы төлөмдөрүн кем төлөөдөгү айырма 1 миллион сомдон 1,5 миллион сомго чейин түзөт.
Кылмыш ишинин алкагында коррупциялык схемага тиешеси бар беш адам кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

