Бириккен улуттар уюму Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына таянып, 2023-жылы мигранттардын өлүмү көп катталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы дүйнө жүзү боюнча 8 миң 540тан ашуун мигрант каза болуп, алардын 60 пайызы сууга чөгүп кеткен.
2024-жылдагы тенденциялар дагы тынчсыздандыруучу. Жер Ортолук деңиз каттамында каза болгондордун саны мурдагыдай эле жогору, 1-январдан бери 956 өлүм катталды.
БУУ
БУУнун маалыматы боюнча, ар бир үчүнчү мигрант куралдуу кагылыштардан качуу учурунда каза болот. Өлүмү документтештирилген мигранттардын үчтөн экисинен көбүнүн сөөгү аныкталган эмес.