21:15
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Путин Мамдумага премьер-министр кызматына Мишустиндин талапкерлигин сунуштады

Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага премьер-министр кызматына Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володинге шилтеме берүү менен билдирди.

Белгиленгендей, Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясынан кийин дароо Михаил Мишустин жетектеген министрлер кабинети отставкага кеткен. 

Өкмөт башчысынын талапкерлиги 10-майда Мамлекеттик Думанын пленардык жыйынында бекитилет. Мыйзам боюнча өкмөт башчысын президент дайындайт, ага чейин ал Мамлекеттик Дума тарабынан бекитилиши керек. Жаңы премьер-министр дайындалгандан кийин президентке федералдык аткаруу бийлигинин түзүмү боюнча сунуштарды берет.

14 күндүн ичинде өкмөт башчысы Мамлекеттик Думага вице-премьерлердин жана федералдык министрлердин талапкерлигин сунуштайт, бирок бул тизмеге күч түзүмдөрүнүн жана ТИМдин жетекчилери кирбейт, алар үчүн өзгөчө тартип иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар