23:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик кризистик борборлор ачылат

Жакын арада Бишкек жана Ош шаарларында эки мамлекеттик кризистик борбор ачылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Аялдар иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин чечүү үчүн мамлекеттик институттар менен коомдун кийгилишүүсү зарыл.

"Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул жабырлануучу маселесин өз алдынча жеңип чыга албай калган кырдаал. Бул жерде үй-бүлөнүн эң аярлуу мүчөсү - аялдар, балдар, кары-картаңдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жабыр тартып жаткандыктан, мамлекеттик институттардын жана коомдун кийгилишүүсү зарыл", — деди Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр жакын арада Бишкек жана Ош шаарларында эки мамлекеттик кризистик борбор ачыларын белгиледи.

"Мындан тышкары бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер – туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет. Ал үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ара иштешүү жана координациялоо үчүн мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка жергиликтүү коомчулуктардын активдүү мүчөлөрүнөн түзүлөт", — деди ал.

2020-жыл башталгандан бери өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза тапты. 1-январда Кочкор районунда 37 жаштагы аял, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөлөрүнүн ур-токмогунан улам каза болушкан. Учурда бул эки кылмышка шектүүлөр кармалып, сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. Азыр анын 33 жаштагы аялы ооруканада даарыланууда.

Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миң 159 арыз катталса, алардын 554ү гана сотко жөнөтүлгөн. 7 миң 45 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар