22:35
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Ошто 1,5 миллион сомдук зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Түштүк-Батыш бажысы дээрлик 1,5 миллион сомдук зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт койду.

Маалыматка ылайык, «Ош» эл аралык аэропортунда 1973-жылы туулган А.М.Л. аттуу Кыргызстандын жараны жалпы салмагы 298 граммды түзгөн зер буюмдарды (шакек, чынжырча, сөйкө жана билерик) бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалды.

Зер буюмдардын орточо базар баасы 1 миллион 482 миң 978 сомду түзөт. Чогултулган материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума