Жалал-Абад — Балыкчы альтернативдик жолунда транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, мындай чечим кечээ, 28-апрелде түндүк — түштүк альтернативдик жолунун 63-чакырымында катуу жаандан улам жер көчкү жүргөнүнө байланыштуу кабыл алынган.
Жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.