«Ишеним» фракциясынын жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев ипотекалык турак жайлар кайсы шаарларда курулуп жатканы боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, Бишкекте үйлөрдүн курулушу үч жерде жүрүп жатат: № 47 түзөтүү абагынын ордунда, Скрябин көчөсүндө жана Айтматов проспектисинде.
Мындан тышкары, Жалал-Абадда үч үй курулуп жатат. Ошондой эле Нарында, Караколдо жана Таласта курулуштар жүрүп жатат.
Жээмбаевдин сөзүнө караганда, жылдын аягына чейин өлкөнүн бардык административдик борборлорунда курулуш иштери башталат.