06:41
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

АКШга жөнөтүүнү убада кылып, 28 миң доллар алган. Бишкекте шектүү кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шек саналып 33 жаштагы Р.Д. кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматына караганда, 26-мартта шаардын тургуну арыз менен кайрылып, эки жаранга карата чара көрүүнү суранган.

«Арыз ээсинин айтымында, эки жаран ага АКШга жөнөтүүнү убада кылып, 28 миң 400 доллар алышкан, андан кийин байланышка чыгышкан эмес», — деп билдирди мекеме.

Ленин райондук ИИБ
Фото Ленин райондук ИИБ. Шектүү

Факт Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча катталган. 33 жаштагы Р.Д. кармалып, эки айга тергөө абагына камалды. Экинчи шектүү изделүүдө.

Учурда милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жогун аныктап жатышат. Эгер кимдир бирөө алардын колунан жабыркаса, төмөнкү номерлер аркылуу кабарлоого болот: 0703686883, 0700717515, 0707775557 же 102.