08:17
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Баңгизат боюнча кырдаал масштабдуу маселеге айланды — УКМКнын төрагасы

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде «баңгизатка байланыштуу кырдаал бүгүнкү күндө масштабдуу маселеге айланып бара жатканын» белгиледи.

Ал «баңгизат бизнесине, аны тараткандарга жана колдонгондорго аеосуз согуш жарыялоо керектигин» билдирди.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, эми укук коргоо органдарынын иши маңзатка каршы күрөштүн жыйынтыгы боюнча бааланат. Коомдо, айрыкча жаштар арасында, мектептерде жана жогорку окуу жайларда синтетикалык маңзаттарды таркатуу жана колдонуу жайылып жатат.

«Мурда баңгизаттар өстүрүлсө, азыр синтетикалык баңгизаттарды колдонуу көбөйүп кетти. Синтетикалык баңгизаттын ар түрдүү заттарын башка өлкөлөрдөн алып келип, биздин мамлекетте лабораторияларды ачуу көбөйүп жатат. Аларды мурдагыдай колдон колго эмес, интернет, ар түрдүү жаңы технологиялар менен тарката башташты. Башкача айтканда, азыр баңгизатын тараткандарды көрбөйсүң, кыстармаларды жасап коюп, акчасын электрондук капчыкка которуп, алып кетишет», — деди ал.

УКМКнын төрагасы кошумчалагандай, баңгизат бизнеси мамлекеттик деңгээлдеги чоң коркунучка айланып кетти жана жаштардын ден соолугун сактап калуу, аларды келечекте өз өлкөсүнө кызмат кылдыруу — бийликтин негизги милдети.

«Эгерде баңгизат боюнча кырдаал бүгүнкүдөй сактала турган болсо, канча бир жылдардан кийин коомубуз өтө чоң көйгөйгө кабылышы мүмкүн. Бардык укук коргоо органдарына тапшырма — мындан кийин баңгизатка каршы аеосуз күрөштү баштайбыз. Айрыкча мектептерди, жогорку окуу жайларын, мекемелерди, түнкү клубдарды, кафе, ресторандарды көзөмөлгө алуу керек. Милиция, прокуратура, УКМК бул маселе боюнча чараларды көрүшү керек. Бул президентибиздин биздин алдыбызга койгон тапшырмасы. Президент келечек муундар үчүн кабатырланып жатат», — деди ал.

Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери өздөрү баңгизат бизнесине кошулуп кеткенин айтты. Ал 1,5 жыл ичинде 12 милиция кызматкери баңгизат иши боюнча кармалып, жоопко тартылганын белгиледи.

«Өздөрү кошулуп аларга сатышып, жолдорун үйрөтүп, ошолорду калкалап жүргөндөр көбөйдү», — деп жыйынтыктады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар