Бишкекте чет элдик студенттер арасында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме мотоцикл жана электр скутерлери менен тез жеткирүү кызматтарында иштеген эл аралык студенттердин катышуусундагы жол кырсыктары көбөйгөнүн белгиледи.
Бишкектеги тез жеткирүү кызматтарынын жетекчиликтерине Кыргызстандын тышкы миграция жаатындагы мыйзамдарын сактоо боюнча сушунтар берилип, натыйжада 100дөн ашык чет элдик студенттин бул тармакта иштөөсүнө тыюу салынды.
Мыйзамсыз миграция каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу максатында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз миграцияны уюштуруунун 41 учуру аныкталган. Алардын уюштуруучуларынын көбү чет өлкөлүк жарандар болуп саналат. Тиешелүү тергөө-ыкчам чаралары көрүлгөндөн кийин иштер сотко жиберилди.