02:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Грузияда «чет элдик агент» жөнүндө мыйзамдан улам кагылышуу болду

Грузия парламентинин депутаттары «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоору боюнча чырдашып, аягында мушташып кетишти.

Эки мыйзам долбоорун тең «Сила народа» өкмөтчүл фракциясы демилгелеген жана аны «Грузинская мечта» башкаруучу партиясы колдогон.

«Сила народ» фракциясынын лидерлеринин бири Гурам Мачарашвили мыйзам долбоорлору америкалык тажрыйбаны эске алып иштелип чыкканын айтты.

Оппоненттери болсо бул аргументти демагогия деп атап, «Чет элдик агенттер жөнүндө» мыйзам Орусиядагыдай башкача ой жүгүртүүнү жана жарандык активдүүлүктү басууну көздөй турганын билдиришүүдө.

Мыйзам долбоорлору комитеттерде талкууланардын алдында жыйындар залында маал-маалы менен парламенттин күзөт кызматкерлери менен жарандык активисттер тирешип турушту. Оппозициячылар бир катарга тизилип, орустардыкына окшош мыйзамды колдошкону үчүн депутаттарды «Путиндин кулдары» деп сөгүп жатышты.

Күзөтчүлөр күч менен бир нече оппозиционерди залдан чыгарды. Мыйзам долбоору талкууланып жатканда парламенттин алдында митинг башталды. Полиция акциянын бир нече катышуусун кармап кетти. Ага карабай парламенттик комитеттер «Сила народа» сунуштаган документтерди биринчи окууда жактырышты.

«Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө» жана «Чет элдик агенттерди каттоо жөнүндө» мыйзам долбоорлору чет өлкөдөн каржыланган бардык юридикалык жана жеке жактарды атайын каттоодон өтүүгө милдеттендирет. Болбосо, эреже бузгандар ири өлчөмдө айып пул төлөйт же беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эң көп окулган жаңылыктар