00:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Нарындагы университетте чет элдик абитуриенттер сынаксыз кабыл алынган

Нарын мамлекеттик университетинин чет элдик студенттерди окутуу ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин чет элдик студенттерди кабыл алуу, которуу жана окутуу тартибин 2020-2021 жана 2021-2022-окуу жылдарында одоно бузган фактылары аныкталды.

«Университеттин жетекчилиги кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен сүйлөшүп алып, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, өлкөнүн билим берүү тармагындагы мыйзамдарынын талаптарына дал келбеген чет өлкөлүк студенттерди (2020-жылы 414, 2021-жылы 679 студент кабыл алынган) кабыл алуу боюнча чечимдерди чыгарган. Чет өлкөлүк студенттер кирүү экзаменин тапшырбай кабыл алынган. Ошол эле учурда, кабыл алынган студенттердин көпчүлүгү Кыргызстандын аймагында узак убакыт бою жок болушкан жана ошондой эле, толук бир окуу жылына (2 окуу семестри) арналган окуу сабактары 1 семестрде өткөрүлгөн», — дейт УКМК.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында С.Нааматов атындагы НМУнун жооптуу кызматкерлери Э.Б., Н.Ч., К.Г. жана А.Э. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү, 346-беренесинин 1-бөлүгү жана 348-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталды. Кылмыш ишинин материалдары сот органдарына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар