08:46
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кантта тергөөчүнүн сабалышы боюнча үч шектүү кармалды

Кантта милиция кызматкерин сабоого шек саналган жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде болжол менен саат 4.00дө Кант шаарындагы Гагарин жана Зубков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Маркет-24» дүкөнүнүн жанында 30-35 жаштагы азиат улутундагы адамдар 1991-жылы төрөлгөн К.Р. аттуу жаранды себепсиз ур-токмокко алышкан. Ал Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаагы сынып, жаткырылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду. Бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалды. Жабырлануучу К.Р. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү экени аныкталды.

Милиция кызматкерлери шектүү адамдардын өздүгүн аныктады, алар 1989-жылы төрөлгөн Д.А., 1991-жылы төрөлгөн И. Т., 1989-жылы төрөлгөн Э. У. аттуу жарандар болуп чыкты. Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, Чуй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 24.kg сайтына Кантта Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү сабалганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар