23:38
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

«Унаа» ишканасынын кызматкерлери оң рулдуу унааларды мыйзамсыз алып киришкен

Чүй облусунда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Сокулук-Москва бөлүмүнүн айрым кызмат адамдары 2023-жылдын апрель айынан ноябрь айына чейинки мезгилде белгисиз адамдар менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, жасалма мамлекеттик каттоо белгилерин жана транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү (техникалык паспорт) пайдаланып, Кыргызстанга оң рулдуу унааларды мыйзамсыз алып кирүү боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштурушкан. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин учурдагы адиси С.Ж. жана А.Р., С.Т. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, иш боюнча далил катары унаанын каттоо күбөлүктөрү (техникалык паспорттору) жана мамлекеттик белгилери алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар