23:53
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Фермерлер мобилдик тоок фермасынан айына 50 миң сом таба алышат — Бакыт Төрөбаев

Эми элетте жашаган дыйкан, фермелерге мобилдик тоок фермасы аркылуу айына 50 миң сомдон ашык киреше табуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Кыргызстанда чоң жана чакан кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү менен дыйкан, фермерлердин потенциалын көтөрүү жана финансылык социалдык абалын жакшыртуу максатында уюштурулган көргөзмө-семинарда билдирди.

Анын айтымында, мобилдик тоок фермасында жогорку продуктивдүү жумуртка өндүрүсө болот. Фермадагы 384 тооктон бир айда 50 миң сомдон ашык киреше алуу мүмкүн.

Бакыт Төрөбаев учурда айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи.

«Мунун бир мисалы мобилдик тоок фермасын заманбап жабдыктар менен ар бир айылга куруу десек жарашат. Контейнердин орточо баасы 4 миң долларга барабар», — деди ал.

Бул багытта жигердүү иштерди жүргүзүү боюнча райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларына жана мамлекеттик тиешелүү органдарга бир катар милдеттер жүктөлүп, тапшырмалар берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар