Эртең, 16-апрелде Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Бул жөнүндө мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Батыш» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 22:00гө чейин токтотулат.
Өчүрүү аймагына төмөнкүлөр кирет:
- Алыкулов көчөсү — Чоң Чүй каналы — Ала-Арча дарыясы — Толстой көчөсү;
- Юбилейный көчөсү — Горький көчөсү (Пригородный айылы) — Садовой көчөсү (Пригородный айылы) — Чоң Чүй каналы;
- «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер», «110-квартал» жаңы конушу, Достук кичи району.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.