Зер буюмдарын мыйзамыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Манас» бажысынын кызматкерлери Стамбул — Бишкек каттамы менен келген жүргүнчүлөрдү бажы көзөмөлүнөн өткөрүүнүн алкагында А.К. аттуу Кыргызстандын жаранын кармашкан. Ал жалпы салмагы 373,10 граммды түзгөн 24 даана алтын зер буюмдарын (чынжыр, билерик) кийимдеринин астына бекитип алып өтүүгө аракет кылган. Зер буюмдардын орточо базар баасы 1 миллион 905 миң 19 сомду түздү.
Чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.