01:06
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эртең Бишкектин борбордук бөлүгүндө муздак суу болбойт

Эртең, 9-апрелде Бишкектин борбордук бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» билдирди.

Маалыматка ылайык, ичүүчү суу «Белинский» суу топтомосундагы жана шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Суу саат 9:00дөн 23:00гө чейин Михаил Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймакта өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар