20:18
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

11-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт — мэрия

Бишкектин айрым райондорунда 11-апрелде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул жөнүндө мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү аймагына:

  • Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары;
  • Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы — Фрунзе — Манас проспектиси.;
  • Дэн Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы — Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Фучик көчөсү — Казаков көчөсү кирет.

Саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Муздак суу «Запад-2» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар