16:06
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте баасы дээрлик 200 миллион сомду түзгөн имарат мамлекетке кайтарылды

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Фрунзе көчөсүндөгү 0,25 гектар жер тилкесин жана республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имаратты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Л.В.И. жеке кызыкчылыгы үчүн коррупциялык схема уюштуруп, объектини жеке менчикке өткөрүп берген», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы

Натыйжада жер участогу жана имарат муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Алардын жалпы баасы 196 миллион 302 миң сомду түзөт. Тергөө уланууда.

  • 1992-жылы Москва шаарынын жалпы профсоюздар конфедерациясынын токтому менен Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын кеңешине Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги гимнастика боюнча имарат берилген.
Эң көп окулган жаңылыктар