11:56
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эсептөө палатасынын дагы бир кызматкери пара алууга шек саналып кармалды

Бишкек шаарындагы мектеп жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылган Эсептөө палатасынын дагы бир мамлекеттик инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, инспектор Ж.К.Н. 27 мектептин жана 1 балдар чыгармачылык борборунун жетекчилеринен аудитти токтотуу үчүн 5,4 миң доллар талап кылган. Өз кезегинде директорлор окуучулардын санына жараша билим берүү мекемелеринен 18 миң сомдон 27 миң сомго чейин акча каражатын чогултушкан.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү катары Эсептөө палатасынын инспектору Ж.К.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Эсептөө палатасынын дагы бир инспектору ушундай эле кылмыш иши менен кармалганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар