12:14
USD 88.35
EUR 95.16
RUB 0.95

2024-жылы санариптештирүүгө 600 миллион сом каралган

Кыргызстандын бюджетинде 2024-жылы санариптештирүүгө 600 миллион сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Өткөн жылдарга салыштырмалуу көрсөткүч 100 миллион сомго көбөйгөн.

2019-2023-жылдар аралыгында санариптик экономикага жалпысынан 2,5 миллиард сом жумшалган, алар тиешелүү мамлекеттик органдарга бөлүштүрүлүп турган. Ошондой эле электрондук өкмөт чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында 197 иш-чара ишке ашырылып,  дагы 19 иш-чара аяктоо баскычында турат.

«Санариптик трансформацияны андан ары өркүндөтүү максатында бүгүнкү күндө «Санариптик Кыргызстан 2024-2028» санариптик трансформация концепциясы иштелип чыкты», — деп белгиледи министрлик.

Эң көп окулган жаңылыктар