06:20
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкек мэриясынын кызматкери муниципалдык жерди жеке ишкерлерге мыйзамсыз берген

Муниципалдык жерлерге коммерциялык объекттерди мыйзамсыз куруу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары С.А.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 0,0921 гектар муниципалдык жерге жеңилдетилген типтеги соода объекттерин мыйзамсыз курууга уруксат берген.

«Д.М.А. ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары менен тил табышып, 2017-жылы жеңилдетилген типтеги коммерциялык объекттерди ижара келишими жана уруксат берүүчү документтери жок туруп, муниципалдык тилкеге мыйзамсыз курган. Мыйзамсыз соода объектилерин жашырып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары системалуу негизде акчалай сый акы алышкан. Алты жылдан кийин «соода-сервистик, оюн-зоок комплексине жана мейманкана бөлмөлөрү бар кафеге көрктөндүрүү үчүн» функционалдык багыты менен бир жылга курулуш жана өз алдынча бирдикке бөлүү укугусуз ижара келишимин түзүшкөн, анын мөөнөтү 2023-жылдын июлунда бүткөн», — деп айтылат малыматта.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары С.А.А., аталган соода жайынын ээси Д.М.А. жана анын бизнес өнөктөштөрү Б.А.М., Ж.Ж.М. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы аныкталып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар