23:33
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстан акыркы эки жылда 1 миң 553 автобус сатып алды

Кыргызстан акыркы эки жылда 1 миң 553 автобус сатып алды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Өткөн жылы Бишкек шаарынын мэриясына 1 миң автобус сатып алууга республикалык бюджеттен 4 миллиард 513,8 милион сом бөлүнгөн. 2024-жылы автобустарды сатып алууга 4 миллиард 339,2 миллион сом каралып, анын 3 миллиард 368,9 миллион сому бөлүнгөн.

Ош шаарына автобус сатып алуу үчүн бул жылы 262,1 миллион сом бөлүнүп, ага 100 автобус сатылып алынды.

Мындан тышкары Финансылык кредиттик фонд аркылуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен келишим түзүлуп, 25 миллион евролук субкредиттик келишимге кол коюлган. Анын 11,1 миллион евросу бөлүнүп, 124 газ менен жүргөн автобустар сатылып алынды.

Жалал-Абад шаарынын мэриясына он автобуска 100 миллион сом, Нарын шаарынын мэриясына беш автобус сатып алууга 66 миллион сом бюджеттик кредит берилди.

Мындан тышкары, эл аралык институттар тарабынан каржыланган эки инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатат. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоорунун алкагында 120га жакын экологиялык жана ыңгайлуу электроавтобустар алынып келинет. «Бишкек автобустары» долбоору боюнча дагы 70 газ менен жүргөн автобустар келет.

Эң көп окулган жаңылыктар