Ош облусунун Араван районундагы стадиондун 0,46 гектар жери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анан базар баасы 307 миллион 135 миң 118 сомду түзөт.
«2001-жылы айылдык кеңеш тарабынан Араван айылындагы райондук стадиондун жерин жеке жактарга лицей жана спорт комплексин куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө чечим чыгарылган. Муну менен президенттин 1995-жылдын 16-февралындагы «Юридикалык же жеке жактарга социалдык инфраструктура объектилерин менчиктин жеке же башка түрлөрүнө өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндө» жарлыгы бузулган», — деп айтылат маалыматта.