00:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Эртең, 4-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Гагарин», «Юго-Западный» суу алгычтарындагы жана шаардык суу тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.

Суу саат 9:00дөн 24:00гө чейин өчүрүлөт. Өчүрүү аймагына Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковского, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, «Жумушчу шаарчасы», «Айыл чарба институту», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» конуштары (Ахунбаев көчөсүнөн түндүк жагы), «Теңир-Тоо» конушу (Ахунбаев көчөсү) кирет.



«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар