12:29
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акылбек Жапаров: Кыргызстанда 16 ири инфраструктуралык объект ачылат

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Айыл чарба министрлиги тарабынан республика боюнча 11 МТС, 16 ири инфраструктуралык объект ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туруктуу агро өнөр жай секторун түзүүгө арналган агрардык форумда билдирди.

Анын айтымында, 16 ири инфраструктуралык объектинин, Ош жана Чүй облустарында соода-логистикалык борборлордун иштей башташы, Чүй облусунда консерваланган варенье түрүндөгү жемиш азыктарын өндүрүү, Чүй облусунун Москва районундагы «Кыргыз продуктусу» сыяктуу соода-логистикалык аймактарда тармактарды кеңейтүү жана башка долбоорлордун ишке кириши күтүлүүдө.

министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

«2024-жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 2,8 пайызга өсүүсү күтүлүүдө, анткени өсүмдүк өстүрүү 2,7 пайызга, мал чарбасы 2,2% пайызга өсөт. Жарандарыбызды дүйнөлүк рыноктордогу туруксуздуктан коргоо жана жеткиликтүү баада сапаттуу продукциянын болушун камсыздоо үчүн азык-түлүк бааларынын туруктуулугун камсыз кылуу өзгөчө маанилүү», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар