12:48
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кызамык вирусу. Жалал-Абад облусунда калктын 61 пайызы эмдөөдөн өттү

Кызамык оорусу жайылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы кызамык оорусунун 7,5 миң учур катталса, бүгүнкү күндө 6 миңден ашуун учуру катталды.

«Эмдөө боюнча эч кандай көйгөй жок. Жалал-Абад облусунда калктын 61 пайызы эмдөөдөн өттү. Жугуштуу оорулар ооруканасында үч бөлүм ачылды», — деди Айжамал Шамбетова.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын директору Гүлжигит Аалиев медициналык мекемеге кызамык менен кайрылгандардын саны 40-60 адамдын ортосунда экенин айтты.

«Вирус азайды деп айта албайбыз. Маселе курч бойдон калууда. Оор абалда келген балдарды ооруканага жаткырып, калгандарын үй шартында дарыланууга жөнөтүп жатабыз», — деди ал.

Гүлжигит Алиевдин айтымында, учурда жугуштуу оорулар ооруканасынын жети бөлүмүндө кызамык менен ооруган 210 адам дарыланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар