21:17
USD 87.45
EUR 99.28
RUB 1.06

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аэропортунда Камчы Көлбавдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Таранчы каймана аты менен белгилүү болгон Н.Н.К. кармалды.

«Ал физикалык зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына салык салуу аракетин көргөндүгү аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар