23:55
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эртең Бишкектин Чыгыш бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин Чыгыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суу «Контррезервуар» суу топтомосундагы жана шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат .

Ичүүчү суу 2-апрелде саат 9:00дөн 19:00гө чейин «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» конуштарында болбойт жана өчүрүү аймагына Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү, темир жол кирет.

мэриянын басма сөз кызматы
Фото мэриянын басма сөз кызматы

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар